17:09, 01 ноября 2024, 24.kg

Бишкек мэриясы «Ак-Кула» ат майданын бузууга дээрлик 40 миллион сом коротот

Ак-Кула ипподромунун имараттарын бузууга 39 миллион 936 миң 200 сом сарпталат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендерди Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Долбоордо 10 ат сарайды, ангарды, кампаны, чуркоо жолун бузуу керектиги айтылган.

Эске сала кетсек, 21-мартта президент Садыр Жапаров Бишкектин батыш тарабындагы жаңы «Ак-Кула» ат майданынын курулушуна капсула салган.

Кошумчалай кетсек, августта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессиясында «Ак-Кула ипподромунун» мүлк комплексин жалпы аянты 53,61 гектар жер тилкесин экиге түз сатуу жолу менен менчиктештирүү боюнча токтомдун долбоорун жактырган. Анда «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» аттуу чет өлкөлүк компаниялар өз каражаттарынын эсебинен төмөнкү имаратттарды куруп, борбордун муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү шарттары айтылган. Алар:

келишимдин шарттарына ылайык жалпы билим берүүчү мекемелер;

— мектепке чейинки билим берүү мекемелери;

— шаардык жолдор;

— парк аянттын куруп бермек.

Ипподромдун ордунда компаниялар Ак-Кула кичи районун курууну пландап жатышат.

Кошумчалай кетсек, 3 миң орунга эсептелген республиканын ат майданы үчүн көрүнүктүү объект 1947-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору Владимир Нусовдун оригиналдуу долбоору боюнча курулган.

1990-жылдардын башында спорттук жай Айыл чарба министрлигинин карамагына өткөн. 1998-жылы департамент аны жеке менчикке саткан. Жыйырма жылдан кийин, 2018-жылы бул мүлк сотко берилип, мэрияга өткөрүлүп берилген. 2019-жылы ипподромдун имараты кооптуу деп табылып, бузууга жатат, ал эми 2020-жылы спорт комплекси тарыхый-архитектуралык эстелик статусунан ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18