14:51, 01 ноября 2024, 24.kg

Бишкекте чет элдик жарандан 300 миллион сомдук метамфетамин табылды

Photo 351595

УКМК Бажы кызматынын кызматкерлеринин жардамы менен өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын — метамфетаминди «Пакистан — Ооганстан — Өзбекстан — Кыргызстан» каттамы боюнча ташууга катышкан эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин жараны С.У., кармалып, баңги заты — жалпы салмагы 67 килограмм 615 граммды түзгөн 300 миллион сомдук метамфетамин табылган.

Чет өлкөлүк жаран жогоруда аталган жол менен Казакстан аркылуу Гонконгго келген метамфетаминди ташууну уюштурганы аныкталган.

 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген чет элдик жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18