14:12, 01 ноября 2024, 24.kg

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Каракол шаарындагы тергөө абагында болду

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы тергөө абагында кармалгандардын абалы менен таанышуу үчүн жерине барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы кармалгандардын камераларына кирип, баарлашты.

Алар тергөө абагындагы кармоо шарттарына нааразычылыгын билдиришкен жок. Бирөө гана Акыйкатчыга тамак-ашты жакшы бербей жатканын айтып, болгону капуста менен тамактанып жатканын билдирди.

 

Ошону менен каты эле, камактагылардын бири Акыйкатчыга жазуу түрүндө кайрылып, анын укугун коргоону суранган — ал Караколдогу СИЗОдон Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага которууну тездетүүнү өтүнгөн.

Акыйкатчы жогорудагы жарандын ишин карап чыгууга соттун чечимин талап кылды. Анын ишин карап чыгып, СИЗОнун жетекчилигин күчүнө кирген соттун чечимин аткарууга чакырды.

Пресс-релиз жарыяланар алдында СИЗОнун жетекчилиги жогоруда айтылган жаранды которуу иши 2-ноябрга белгиленгенин билдирди.

Мындан тышкары, Акыйкатчы аялдар отурган камерага да кирип чыкты. Алар тергөө абагынын кармоо шарттарына эч кандай нааразычылыгын билдиришкен эмес.

Акыйкатчы кирген камераларалдын көпчүлүгүндө, зордуктоого жана сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип кармалып тургандар.

Баардыгы болуп, СИЗОдо мындай статья менен 17 жаран кармалып турат. Ал эми, баңгизатын сактоо жана таркатууга шектелип кармалгандардын саны 10.

Жаманбаева кармалгандар сейилдеген короодон жашы жете элек өспүрүмдөр менен да баарлашты. Алар да СИЗОнун кармоо шарттарына жана укук коргоо органдарынын аларга карата жасаган мамилесине нааразычылыгын билдиришкен эмес.

Кармалып тургандардын дагы бири Акыйкатчыга жазуу жүзүндө кайрылып, укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирди.

Андан ары Акыйкатчы камактагыларды кармоо шарттары жана алардын тамактануучу жайы, жалпысынан тергөө абагынын абалы менен таанышты.

Жетекчиликтин айтымында, Караколдогу СИЗОнун имараты 1900-жылдары салынган.

“Азыркы учурда жаңы СИЗОну курууга Каракол шаарындагы Кузбас жаңы конушунан 2,3 гектар жер бөлүнгөн. Ошондуктан, жаңы имаратты куруу иштеринин башталышын күтүп жатабыз”, -деди СИЗОнун жетекчиси.

Акыйкатчы барган учурда, тергөө абагында 69 жаран кармалып турган. Алардын ичиненен төрт аял, эки жашы жете элек өспүрүм.

 

СИЗО жалпысынан 142 адамга ылайыкташтырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18