13:45, 01 ноября 2024, 24.kg

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 2-январга чейин узартылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, атасы 48 күндөн бери тергөө абагында отурат. Аны тергөө амалдарынын ордуна бизнес менен алектенген айылдаштарын кармап, суракка алып, кысым көрсөтүүдө. Алардан Азимбек Бекназаров тууралуу маалыматы барбы деп сурашат. Русландын айтымында, ушундай жол менен алар атасынын мүлкүн издеп жатышы мүмкүн, бирок, ал баса белгилегендей, анын эмнеси бар, эмнеси жок экендигин баары билет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсүнө 2010-жылдагы апрель окуясында сейфтерден жана өкмөт үйүндөгү акча каражаттарын уурдоо жана ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 12-сентябрында Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча кылмышка шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Убактылуу өкмөттө башкы прокурор болуп иштеген.

Буга чейин ал 20дан ашык активист менен бирге Кемпирабад иши боюнча айыпталган.

Эскерте кетсек, прокурорлор соттон «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча айыпталгандардын бардыгын 10 жылга, «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча 15 жылга, ал эми кылмыштардын жыйындысын кошуу менен мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну суранган.

14-июнда райондук сот бул иш боюнча бардык айыпталуучуларды кылмыштын курамы жок деп актаган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18