13:33, 01 ноября 2024, 24.kg

Кыргыз милициясына 100 жыл. Ала-Тоо аянттындагы парад кандай өттү?

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата борбордук Ала-Тоо аянтында салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, министрлик жана ведомстволордун жетекчилиги, күч түзүмдөрүнүн ардагерлери жана Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков катышты.

Аянтка чогулгандарга ички милиция тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, андан соң Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан соң көрүүчүлөргө кыргыз милициясынын түптөлүшү тууралуу театралдаштырылган сюжет тартууланды.

Иш-чаранын алкагында Советтик Кыргызстандын атчан милициясы, МАИнин эски техникалары жана укук коргоо органдары тарабынан коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн колдонулган заманбап унаалар параддык курамдан өтүштү. Жарандар жол инспекторлору колдонгон жөнөкөй унааларды, суу аткычтарды, брондолгон жол тандабастарды, автобустарды, полициянын кайыктарын, жада калса тик учактарды көрүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

5 дней назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18