24.kg
17:24, 18 декабря 2020, 24.kg

Талант Мамытов: Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы вакцинасына кызыкдар

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы вакцинасына кызыкдар. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, парламенттин төрагасы Талант Мамытов КМШнын лидерлеринин саммитинде билдирди.

Ал Россия, Казакстан жана Өзбекстанга пандемия менен күрөшүүгө Кыргызстанга көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирди.

Талант Мамытов Россия президенти Владимир Путинди коронавируска каршы вакциянанын иштелип чыгышы менен куттуктады.

«Бүгүнкү күндө элди вируска каршы эмдөө эң маанилүү суроолордун бири. Кыргызстан тарап Россиянын вакцинасын алууга кызыкдар», — дейт ал.



Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18