24.kg
11:17, 18 декабря 2020, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 264 киши вируска кабылып, үчөө каза тапты

Бир суткада 264 киши вируска кабылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 76, Ош шаарында — 21, Чүй облусунда — 67, Ош облусунда — 14, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 14, Ысык-Көл облусунда — 44 , Жалал-Абад облусунда — 20 жана Баткенде — 4 кишиден коронавирус аныкталды.

Баткен облусунда эки, Ош облусунда бир бейтап көз жумду.

Март айынан бери Кыргызстанда 78 миң 679 киши вируска кабылып, 1 миң 324 адам каза тапты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18