24.kg
10:22, 18 декабря 2020, 24.kg

Сирияда аскер даярдыгынан өткөн кыргызстандык кармалды

Кыргызстанда эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, С.Т. аттуу кыргыз жараны Сирияда согуштук даярдыктан өтүп, эл аралык террордук уюмдун катарында өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшүрүлгөн киши УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө абагына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда атайын кызмат кармалган адам тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иштерин улантып жатканы кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18