24.kg
09:39, 17 декабря 2020, 24.kg

Мирзиёев газды экспорттоону кыскартууну тапшырды

Бул тууралуу 16-декабрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев видеоселектордук жыйын учурунда билдирди.

«Баарыбызга белгилүү, газ системасына байланыштуу маселелер бүгүн эле чыккан жок, бизди отуз жылдан бери кыйнап келатат. Бирок муну эч ким актануу катары колдоно албайт. Элибизге газ керек », - деди президент.

Мирзиёев калктын муктаждыгын камсыздоо үчүн газды экспорттоону кыскартууну талап кылды. Мунун эсебинен аймактарга суткасына кошумча 708 миллион кубометр газ жеткирилет.

Жыйын учурунда өндүрүш объектилерин отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кыш маалында саатына кошумча 10-12 миллион киловатт электр кубатын өндүрүү зарылдыгы айтылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18