24.kg
16:30, 16 декабря 2020, 24.kg

Депутат архивдердеги бардык материалдарды санариптештирүүнү сунуштады

16-декабрдагы Жогорку Кеӊештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык-процесстик кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору мекемелик жана мамлекеттик архивдерге сакталуу үчүн келип түшкөн документтердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кайра пайдалануу журумун жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Ошондон улам, архивдик документтерди түзүү, каттоого алуу, сакталашын камсыз кылуу эрежелерин бузган жактарга 2 миӊ сомдон 20 миӊ сомго чейин айып салуу демилгеси сунушталууда. Ал эми архивдик документтерди жоготкондугу, бузгандыгы, мыйзамсыз жок кылган кызмат адамдарына 20 миӊ сом, юридикалык жактарга 50 миӊ айып салуу чаралары каралган.

Талкуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев баардык архивдик материалдарды санариптештирүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Алмазбек Токторов кагаз түрүндөгү документтерди пайдалануу ыӊгайсыздыгын эске алуу менен, мыйзам долбоорунда электрондук документ жүгүртүү механизмдерин киргизүү сунушун берди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18