24.kg
13:07, 16 декабря 2020, 24.kg

Талант Мамытов Казакстандын президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Эки боордош элдин кылымдардан бери келе жаткан достукка негизделген ынак коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, узун өмүр, ишине ийгилик, ал эми боордош Казакстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18