24.kg
09:33, 16 декабря 2020, 24.kg

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын тургундары айланма жолду буушту

Борбор калаанын түндүк тарабындагы Ак-Жар жана Ак-Бата жаңы конуштарынын тургундары 15-декабрда кечке жуук айланма жолду буушту. Алар муну менен бийликтин көңүлүн тынымсыз өчүп жаткан электр көйгөйүнө бурууга аракеттенишкенин айтышууда.

Социалдык тармактарга тараган тасмаларда алар 10-15 градус суукта балдары менен электр жарыгысыз, жашоого шарты жок калышкандыктан ушундай кадамга барышканын айтышкан. Алардын сөзүнө караганда, электр жарыгы дээрлик бир айдан бери улам өчүрүлүп жатат.

Жол тоскондор автомобил дөңгөлөктөрүн өрттөп, машинелерди өткөрбөй турушканы кабарланды. Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук акимчилигинин жетекчилери, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылып жатышканын милиция маалымдады. Милициянын отту өчүрүү аракети учурунда бир аз пикир келишпестиктер болгону кабарланды.

Аламүдүн районунун акими чогулгандарды тарап, жолду ачууга чакырды. Бирок жаңы конуштуктар анын сөзүнө макул болбой, көйгөйү чечилмейинче таркабай турганын айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18