24.kg
13:08, 15 декабря 2020, 24.kg

Кыргызстандын ички паспортуна улуту жазылган графа киргизилди

Кыргыз жарандарынын ID-картасына этностук таандыкты көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Бул чечим Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Конституциялык палата паспортко этностук таандык графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилиген чечим Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.

Эми Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18