24.kg
13:06, 15 декабря 2020, 24.kg

Чек араны аныктоо. Камчыбек Ташиев Өзбекстандын өкүлдөрү менен жолугушту

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты премьер-министрдин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов жетектөөдө.

Камчыбек Ташиев Өзбекстан мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аяктоого кам көрүшүбүз керек, ошондой эле 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштообуз керек», — деди ал.

Жолугушуунун күн тартибине ылайык, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулап жатышат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18