24.kg
10:51, 15 декабря 2020, 24.kg

Президенттик шайлоо. 3 миллион 552 миң 582 шайлоочу катталды

Кыргызстанда 3 миллион 552 миң 582 шайлоочу 2021-жылдын 10-январына дайындалган мөөнөтүнөн мурун президентти шайлоо жана референдумга катыша алат. Бул тууралуу кереге кеңешке катышып жаткан Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Айтымында, бул 14-декабрга карата түзүлгөн тизмеден алынган маалымат.

Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, ал тизмеге өзгөртүүлөр 29-декабрга чейин киргизилет. Белгилей кетсек, бул шайлоодо № 2 формасы колдонулбайт, ошондуктан шайлоочулардын саны да кыскарды. Шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү — 726 миң 311 адам Ош облусунда катталды.

Чет өлкөлөрүндө 35 миң 575 шайлоочу катталды.

Нуржан Шайлдабекованын берген маалыматына ылайык, чет өлкөлөрүндө № 2 формасы колдонулмакчы.

Эске салсак, бүгүндөн тарта үгүттөө кампаниясы башталды. Ал 2021-жылдын 8-январында саат 8:00дө аяктайт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18