24.kg
10:48, 15 декабря 2020, 24.kg

Тайырбек Сарпашев бүгүн кайра сурак берет

Мурдакы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына  кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Ал бүгүн сурак берет. 

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзүнө жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерин кайтарып берген.

Тайырбек Сарпашевдин өзүнүн айтымында,  ал жер ижарага алынганын, буга чейин эле соттук териштирүү жүрүп жаткан. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18