24.kg
18:00, 14 декабря 2020, 24.kg

Бишкектеги атайын мектептер жана бала бакчалар ишин жандандырат

Ордо калаабыздагы атайын мектептер менен бала бакчалардын ишин жандантууга уруксат берилди. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Бүгүн вице-мэр Айжан Чыныбаева, Бишкектин билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева, район акимдеринин орун басарлары, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилери жана атайын мектеп, бала бакчалардын директорлорунун катышуусунда кеңешме өткөн.

«Ар бир атайын билим берүүчү мекемелерде санитардык нормалар тыкыр сакталышы керек. Кире беришке фильтрлерди коюу, класстын ичин желдетип туруу, бет кап тагынуу жана ар бир баланын, педагогдун саламаттыгын журналга каттоо милдеттендирилет», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле пандемия шартында иштөө тартиби менен жеке менчик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү тажрыйба бөлүштү.

Чыныбаева атайын билим берүү мекемелери көпчүлүк ата-энелердин кайрылуусунун негизинде ачылып жатканын белгиледи. Анда иштеген бардык кызматкерлер ПЦР-тест тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18