24.kg
16:35, 14 декабря 2020, 24.kg

Анжиянда газсыз калган тургундар жол тосууга аракет кылышты

Анжияндын тургундары жаратылыш газы менен электр энергиясынын берилбегенине нааразылык билдирип, шаардагы эки көчөнүн кесилишин тосууга аракет кылышты. Бул учур тартылган видеотасма социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Анжиян шаардык акимчилиги окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

9-декабрда Telegram-каналдарда Бухара облусунун тургундары да автоунаа жолун тосууга аракет кылып жатканы тартылган видеотасма жарыяланган. Анда чогулгандар аймакта 60ка жакын үй газсыз калганын айтышкан.

Өзбекстанда буга чейинки жылдардагыдай эле быйыл да жаратылыш газы менен электр энергиясы өчүрүлүүдө. Буга байланыштуу өлкө аймактарындагы тургундар нааразылык билдирип чыгууда.

Өткөн жылы Анжиян, Фергана, Сырдарыя облустарынын жана Каракалпакстандын жашоочулары газ менен жарыктын тез-тез өчүрүлүшүнө нааразылык билдирип, бир нече жолу унаа жолдорду тосушкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18