24.kg
13:28, 14 декабря 2020, 24.kg

Ошто той өткөргөн Жалил Атамбаевдин уулу УКМКда иштейт

Ошто бир топ депутаттар, аткаминерлердин катышуусунда той өткөргөн Жалил Атамбаевдин УКМКда иштейт. Бул тууралуу коопсуздук кызматынан билдирди.

Атамбаевдин уулу Мамат УКМКнын кызматкери болгондуктан ага каршы кызматтык териштирүү башталды.

«Ал коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы миң адамды чогултуп той өткөрүп, коомчулуктун нараазычылыгын туудурду. Кызматтык иликтөөнүн жыйындыгы боюнча иштен бошотууга чейин катуу чаралар көрүлөт», — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, Жалил Атамбаевдин уулу Мамат ишемби күнү үйлөнүп, ага парламенттин депутаттары жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов баш болгон аткаминерлер катышты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18