24.kg
11:29, 14 декабря 2020, 24.kg

Президенттик шайлоодо 11 миңге чукул милиция коомдук коопсуздукту сактайт

Президенттик шайлоодо 11 миңге чукул милиция коомдук коопсуздукту сактайт. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

ИИМ шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө ыкчам кырдаалды анализдөө менен бирге мыйзамдуулукту сактоо багытында мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууну уюштурат.

Кызматкерлерге үгүттөө жана шайлоо учурунда жарандардын укугун жана коопсуздугун, коомдук тартипти сактоо менен гана ишмердүүлүгун жүргүзүп, шайлоо участкаларынын көзөмөлдөп, тартип бузууларды болтурбоо, анын алдын алуу иштерин күчөтүп, шайлоо комиссияларынын ички ишине кийлигишпөө тапшырмаларын берди.

Республика боюнча 2 миң 420 шайлоо участкаларында коомдук тартипти 11 миңге чукул милиция кызматкери камсыздайт. Ар бир шайлоо участкаларында милиция
кызматкерлери жана жооптуу жетекчи бекитилди.

Президенттик шайлоо референдум менен бирге 10-январда өтөт. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18