24.kg
15:29, 11 декабря 2020, 24.kg

Конституция жаңы долбооруна жарандыктан ажыратпоо сунушталууда

Конституциянын жаңы долбоорунда КР жараны жарандыгынан ажыратылбай тургандыгы жазылды. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин «Адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери» секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдагы референдумда КР жаранын жарандыгынан ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралып, бекитилген.

«Биз талкуулап, жарандыгынан ажыратуу адамдын фундаменталдуу укугуна каршы келет деп бир добуштан кабыл алдык. КР жараны болуп төрөлгөндөн кийин аны күч менен эч ким тартып албайт, тартып алуу мүмкүнчүлүгү, механизми дагы болбошу керек. Эгер жаран өзү каалап чет өлкөнүн жарандыгын алса, ушул учурда гана жарандыктан баш тарта алат», — дейт ал.

Шерипов кошумчалагандай, жаңы долбоордо КРда цензурага жол берилбейт, сөз эркиндигин жана ЖМКлардын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт, адамдын кадыр-баркына шек келтиргендер кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыгы жазылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18