24.kg
12:03, 11 декабря 2020, 24.kg

Ноябрь айында экономикалык көрсөткүч 8 пайызга төмөндөдү

2020-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукт көлөмү 8,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында ИДПнын көлөмү 452 миллиард сомду түзүп, 8,6 пайызга азайды.

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү — 16 пайызга жакын кыскарды, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 15,6 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 0,9 пайызга өстү.

Ошол эле учурда баалар жана тарифтер 7,2 пайызга өстү.

Мында тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундукка 13,2 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамекиге 6,2 пайызга, калкка кызматы 2,2 пайызга өстү.

Улуттук статкомдун билдирүүсүндө, аймактардан Талас облусунда баалар өтө жогору болуп, баалар жана тарифтер 10 пайызга өстү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18