24.kg
10:05, 11 декабря 2020, 24.kg

Тажикстанда мыйзамыз медресе ачкан киши кармалды

Тажикстан ИИМи 9-декабрда Вахдат районунун тургуну Абдухалим Ашуров үйүндө мыйзамсыз медресе ачып алган деген шек менен кармалганын билдирди.

Ал сабак өтүп жаткан маалда кармалган. Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында,Ашуровдун диний билими болгон эмес, ага карабай балдарга исламдын эрежелерин үйрөтүп жүргөн.

Тажикстан ИИМи Ашуров акча табуу үчүн балдары окутуп келгенин, медреседе окуу үчүн эч кандай шарт болбогонун белгилейт.

Тажикстанда жеке медреселерге тыюу салынган, бирок айрым учурда жергиликтүү молдолор ата-энелердин суроосу менен балдарга исламдын эрежелерин үйрөтүп жүрүшөт. Ошол эле маалда өлкөдө мамлекеттик медреселер дагы жок. Акыркы ислам мектеби 2016-жылы жабылган. Анда бийлик жаштарды экстремисттик топтордон оолак кармоо үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Бул арада Тажикстанда калктын 90% ашууну ислам динин тутат.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети медреселерди ачууга эч кандай зарылдык жок деп эсептейт.

Өлкөдө Ислам институту бар, ал жерде диний билим берилет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18