24.kg
09:59, 11 декабря 2020, 24.kg

Талант Мамытов ЕАЭКтин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат

Президенттин милдетин аткаруучу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат.

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтө турган бул жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери жана башка маселелер талкууланат.

Ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттердин макамын Куба менен Өзбекстанга берүү маселеси да каралат. Кезектеги жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18