24.kg
14:09, 10 декабря 2020, 24.kg

Октябрь айындагы окуяларда 600 милиция кызматкери жаракат алды

Октябрь айындагы окуяларда 600 милиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу ИИМ коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов билдирди.

Ал милиция кызматкерлери буйрукту гана аткарарын белгилейт.

«Алар өз көйгөйлөрүн ачык айтып бере алышпайт. Октябрдагы митингде 600 милиция жаракат алды. Ички иштер кызматкерлерин коргой турган кесиптик кошун дагы жок. Алар коомдук тартипти коргону менен өздөрүн коргой турган уюм жок», — дейт Ялкун Даутов.

Ал 2020-жылдын апрель айында өзгөчө аба учурунда милиция кызматкерлери кошумча акыдан баш тартпаганын белгиледи.

«Мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милиция кошумча акыдан баш тартып жатат деп айткан. Бирок, андай болгон эмес. Аларды форма менен камсыз кылууга дагы акча жетишпейт», —дейт Даутов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18