24.kg
13:39, 10 декабря 2020, 24.kg

Жалал-Абад облусунда 322 мектеп салттуу режимде иштеп жатат

Жалал-Абад облусунда 322 мектеп салттуу режимде иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 11-ноябрынан тартып Билим берүү жана илим министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, 2-чейректе эпидемиологиялык абал туруктуу аймактардагы 322 жалпы билим берүүчү мектепте 133 миң 682 окуучу салттуу түрдө, ал эми эпидемиологиялык абал туруксуз аймактардагы 153 жалпы билим берүүчү мектепте 118 миң 51 окуучу аралыктан билим алууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18