24.kg
12:49, 10 декабря 2020, 24.kg

СОVID-19. Жалал-Абатта 51 адам оор абалда

Жалал-Абад облусу боюнча коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети менен ооругандардын саны жалпы 10 миң 2 адам дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ызабеков Ырысбек билдирди.

Айтымында, 2020-жылдын 10-декабрына карата лаборатордук жол (СОVID-19) менен 12 жаран, ал эми клиникалык жол (пневмония) менен 17 жаран.

«Бүгүнкү күндө ооруканада СОVID-19, пневмония менен 163 бейтап дарыланып жатат. СОVID-19 менен амбулатордук дарыланууда 167 адам. Айыккандар жалпы 8388 адам, анын ичинен 5825 адам ооруканадан дарыланып чыккан. Каза болгондордун жалпы саны 167, анын ичинен СОVID-19 менен 31, пневмониядан 136 учур катталган. Оор абалда 51 бейтап, реанимацияда 1 бейтап дарыланып жатат», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18