24.kg
11:12, 10 декабря 2020, 24.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекетинин ишине чектөө кирди

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт – автожол» өткөрмө бекети жарандарга, транспорттук каражаттарга жана жүктөргө өткөрүү документин берүүнү 10-декабрда убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Кытай тараптын демилгеси менен техникалык себептерге байланыштуу өткөрмө бекеттин ишине 11-декабрга чейин чектөө киргизилди. 

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу жыл башында Кытай Кыргызстан менен чек арасын жапкан. Кийин ачылды дегени менен өткөрмө бекеттердин бири «Торугарт» сентябрга чейин жабык турганы айтылат. Автоунаалар негизинен экинчи «Эркечтам» бекети аркылуу кирип турган.

Бул жагдайга байланыштуу быйыл алгачкы он айда 9,2 млрд. сом салык чогулбай калган. Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын январь-октябрь айларында 21,7 млрд. сом бажы төлөмүн жыйнады

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18