24.kg
10:20, 10 декабря 2020, 24.kg

Талант Мамытов: Кыргызстан адам укуктарын коргоо үчүн болгон аракетин жумшайт

Президенттин милдеттерин аткаруучу, Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 10-декабрда, кыргызстандыктарды Эл аралык адам укугун коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Бүгүн биз дүйнө коомчулугу менен бирге Эл аралык адам укугун коргоо күнүнүн 72 жылдыгын белгилеп жатат. Мен силерди ушул майрам менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгон күндөн тартып укуктук мамлекетти куруу жолуна түшүп, Конституцияда адамдын жогорку баалуулугу деп анын укуктарын жана эркиндигин белгиледи. 2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын эли адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту бек сактарын жана адам укуктарын коргоо бардыгынын жана ар бир адамдын кызыкчылыгын көздөөрүн дагы бир жолу далилдеди. Адамдын укуктарын сыйлоо ар бир кыргызстандыктын бакубаттыгын шарттайт, коомдун ичинде туруктуулукка жана бейпилдикке өбөлгө болот», — деди Мамытов.

Айтымында, Кыргызстан бакубатчылыкка жана өнүгүүгө умтулуп, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18