24.kg
09:17, 10 декабря 2020, 24.kg

АКШ Райымбек Матраимовго санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Анда «Магнитский акты» деген аталыш менен белгилүү «кара тизмеде» Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрага орун басарлыгын аркалаган.

Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келатышат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18