24.kg
16:13, 09 декабря 2020, 24.kg

Нурлан Насип жалган маалымат тарткандарды сотко берет. Аны кесиптештери колдоду

Ырчы Нурлан Насип үй-бүлөсү тууралуу жалган маалымат тараткандарды сотко берет. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

Ал youtube каналында айрым баракчалар анын үй-бүлөсүнө байланыштуу жалган маалыматтарды тынбай таратып келе жатканын белгилейт.

«Буга чейин интернетте биз жөнүндө ар кандай каралап жазгандарга унчукпай келгенмин. Мындан кийин карап туралбайм. Такталбаган маалыматтарды чыгаргандар өчүрүп бизден кечирим сурабаса сотко кайрылам. Биздин үй-бүлөбүз силерге оюнчукбу?», — дейт ырчы.

Анын билдирүүсүн кесиптештери Арсен, Айпери Кубик кызы, Айгерим Расул кызы жана башкалар колдоого алышты. Алардын айтымында, жалган маалымат жарыялагандар жазаланышы керек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18