24.kg
14:12, 09 декабря 2020, 24.kg

Базар-Коргон айылына шаар макамын берүү сунушу түштү

Базар-Коргон айылына бир нече айыл аймактарын кошуп, шаар кылуу сунушу түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Жергиликтүү башкаруу агенттигинин директор орун басары Бактияр Салиев билдирди.

Айтымында, шаардын курамына эки айыл аймагы, беш айыл жана алты калктуу пункт киргизилмекчи.

«Ал жерде 12 миң 400 түтүн, 58 миң адам жашайт, аймагы 1 миң 75 чарчы метр. Жети завод, бир фабрика жана 109 цех иштеп, ал жерлерде 2 миң 339 адам эмгектенет», — деди Бактияр Салиев.

Мыйзам долбоору добуш берүүгө багытталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18