24.kg
17:52, 08 декабря 2020, 24.kg

Абдиль Сегизбаев Садыр Жапаровду ортого киши салбай, дебатта сүйлөшүүгө чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Ал акыркы он күндө ар кыл күчтөр ортомчуларды салып, ар кандай кызматтарды сунуштап жатканын кошумчалады.

«Мен эң күчтүү талапкер деген адамды дебатка чакырам. Мага ортомчуларды салып жатыптыр. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздан сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин-ким экенин, кандай максат көздөп жатканын ачык сүйлөшөлү», -деди Абдил Сегизбаев.

Ал күчтүү талапкер катары Садыр Жапаровду айтып жатканын тактады.

Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев 2004-2005-жылы Аскар Акаевдин маалымат катчысы болуп иштеген. Мамлекеттик кызматка Алмазбек Атамбаевдин учурунда кайтып келип, ага кеңешчи, андан кийин УКМКнын жетекчиси болду. Абдил Сегизбаевдин учурунда бир топ саясатчыларга кылмыш иши козголуп, «Ата-Мекендин» бир катар депутаттарын каралоо максатында «Белизгейт» иши уюштурулган.

Ал учурда президенттикке ат салышууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18