24.kg
16:09, 08 декабря 2020, 24.kg

Эльвира Сурабалдиева Бишкекте октябрь окуяларында жабыркагандар менен жолукту

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкекте 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандар менен жолугушүу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабыркаган жарандар ден-соолугу, мындан ары дарылануу жана реабилитациядан өтүүсү боюнча маселелери жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү көйгөйлөрү тууралуу билдиришти. Алар тарабынан медициналык мекемеде дарылануусу жана социалдык мүнөздөгү бир катар маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Вице-премьер-министр билдиргендей, көрсөтүлгөн маселелер боюнча аларды мындан ары иштеп чыгуу жана чечүү боюнча тапшырмалар берилет.

«Ар бир жабыркаган адамга ден-соолугун көзөмөлдөп, медициналык жардам көрсөтө турган медициналык мекемелерди бекитип беребиз. Өкмөт өз кезегинде бардык маселелерди көзөмөлдөп турат», — деди Эльвира Сурабалдиева.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18