24.kg
15:57, 08 декабря 2020, 24.kg

Екатеринбургда кыргызстандык 16-кабаттан секирип, каза тапты

Екатеринбург шаарында кыргызстандык жигит каза тапканын россиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Кыргызстан жаранынын сөөгүн Седова көчөсүндө жайгашкан көп батирдүү үйдүн алдынан 7-декабрда табышты.

Алгачкы маалыматка караганда, жигит 16-кабаттан секирип кеткен.

«Кыргызстандык 2019-жылы Екатеринбургга жумуш издеп келген. Ал Седова көчөсүндө, агасынын үйүндө жашачу. Анын сөөгү табылаарга чейин бир нече саат мурун жигит туугандарына СМС-билдирүү жөнөтүп, аларды жана сүйлөшкөн кызын абдан сагынганын, чек ара көптөн бери жабык тургандыктан, аларды көрө албай жүргөнүн жазган», — деп билдиришет маалымат каражаттары.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18