24.kg
14:40, 08 декабря 2020, 24.kg

Кыргызстанда 298 бала бакча иштеп жатат

2020-жылдын декабрь айына карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча, республика боюнча 289 мектепке чейинки билим берүү уюмдары реалдуу режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Айтымында, анын ичинен Жалал-Абад облусунда 3 муниципалдык, 1 ведомстволук, 17 жеке менчик, Ош облусунда — 61 мамлекеттик-муниципалдык 18 жеке менчик, Баткен облусунда — 53 муниципалдык, 21 жеке менчик, Чүй облусунда — 18 муниципалдык, 43 жеке менчик, ошондой эле Бишкек шаарында — 52 жеке менчик жана 2 ведомстволук мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

«Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлору тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле жайларды дезинфекциялоо жана санитардык-дезинфекциялык каражаттарды сатып алуу боюнча, мектепке чейинки билим берүү уюмдарын толук кандуу иштөөгө даярдоо боюнча иштер улантылууда», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18