24.kg
14:04, 08 декабря 2020, 24.kg

Мектептерди ачуу. Окуу жайы сунушталган вариантты өзү тандайт

Жалпы билим берүүчү мектептердеги окуу процесси, менчигинин түрүнө карабастан, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен дифференциалдуу түрдө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу процессин реалдуу режимде жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн уруксаты милдеттүү түрдө болушу керек.

Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга, мектептин долбоордук кубаттуулугуна, окуучулардын иш жүзүндөгү санына, сабак өтүүчү класстардын жана башка жайлардын болушуна жараша, ар бир мектеп сунушталган окутуу варианттарынын бирин тандайт:

  • 300 окуучуга чейинки мектептер: 1 — 11-класстар;
  • 300дөн 600гө чейин окуучу окуган мектептер:

1 — этап:

  • 1-6, 9, 11-класстар

2 — этап:

  • 7, 8, 10-класстар

«Кызыл зоналарда» жайгашкан мектептер: 1, 5, 9, 11 — класстар

  • 600дөн ашуун окуучусу бар мектептер:

1 — этап:

  • 1, 5, 9, 11 — класстар.

2 — этап: калган класстар ата-энелер, ЖӨАБ, ОААжМСЭК менен макулдашуу боюнча мектептин администрациясынын кароосу боюнча.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18