24.kg
13:08, 08 декабря 2020, 24.kg

«Чоң казат» партиясынын мүчөсү Бишкек мэринин кеңешчиси болуп дайындалды

«Чоң казат» партиясынын мүчөсү Асхат Осмонов Бишкек мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев тийешелүү буйрукка кол койду.

Эске салсак, Асхат Осмонов мэр болгусу келип, кийин артка кайткан.

«Мен мэр, вице-мэр, акимдин кызматынан баш тартып, Бишкек мэриясында жемкорлукка баткан аткаминерлердин люстрациясын ишке ашыруу үчүн бара жатам», — деген Асхат Осмонов.

Буга чейин ал өзүнүн видеокайрылуусунда, 5-6-октябрь күндөрү митингге чыккандыгы үчүн Садыр Жапаров ага жакшы кызмат ордун берем деген убадасын эскерткен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18