24.kg
11:52, 08 декабря 2020, 24.kg

Бет кап тагынууну COVID-19 гана эмес, сасык тумоону дагы азайтат

Бет кап тагынуу сасык тумоону жуктурууну азайтат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Министрлик сасык тумоо декабрь айында башталып январь айында эң көп катталган чегине жетери белгиленет.

Декабрь айынын биринчи жумасында (2 миң 706 учур) өткөн жумага (2 миң 430) караганда курч дем вирустук оорулар 10,3 пайызга аз катталган.

Адистер быйыл сасык тумоо өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге аз экенин айтышат.

Белгилей кетсек, COVID-19 вирусунун алдын алууда санитардык чаралар, анын ичинде бет кап тагуу, колду бат-бат жууп туруу жана социалдык дистанция эң маанилүү болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18