24.kg
11:14, 08 декабря 2020, 24.kg

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард кубометрди түздү

8-декбарда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 438 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 191 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү791 куб метрге жетүүдө.

Өткөн жылдын декабрь айынын башында Токтогулда 16 миллиард кубометр суу болгон.

Өкмөт быйыл суу аз топтолорун айтып, электр энергиясын үнөмдөө үчүн жапырт өчүрүүлөр болбостугун убадалаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18