24.kg
10:29, 08 декабря 2020, 24.kg

Индиядагы белгисиз дарт: жүздөгөн киши ооруп, бирөө көз жумду

Индияда белгисиз дарт жайылып, өлкө түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатынын Элуру шаарынан аныкталды. Бул тууралуу BBC кыргыз кызматы маалымдайт.

Дүйшөмбүдө эрте менен алынган маалымат боюнча 315 киши ооруканага түшүп, бир киши көз жумган.

Ансыз да коронавирус пандемиясынан айласы кетип жаткан Индия үчүн бул чоң сокку болду. Коронавирус жуктургандар саны боюнча Индия дүйнөдө экинчи орунда (9,7 млн чамалуу кишиге жукту) жана каза тапкан бейтаптар саны боюнча (140 миң ашуун) үчүнчү орунда турат.

Жаңы дарттын кайдан, кантип пайда болгонун дарыгерлер аныктай элек. Штаттын саламаттыкты сактоо министри Кали Кришна Шринавас ооруканага кабылгандардын баары коронавируска жана башка вирустук инфекцияларга текшерилип, бирок таза чыкканын айтты.

«Ооругандардын көбү балдар жана оору көзү ачышып башталган. Андан кийин кусуп, ээси ооп калганга чейин жеткен», — деп айтып берген Indian Express басылмасына индиялык дарыгерлердин бири.

Расмийлер илдеттин келип чыгуу себебин аныктоо үчүн атайын адистерден турган топту аймакка жөнөттү.

«Кишилер ооруп жаткан аймакка барып, суунун же абанын булганышынан болушу мүмкүн деген жоромолдорду жокко чыгардык. Бул кандайдыр бир табышмактуу дарт болуп жатат. Ошондуктан лабораториялык изилдөөлөр гана буга так жоопту бермекчи», — деди Кали Кришна Шринавас.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18