24.kg
10:11, 08 декабря 2020, 24.kg

Талант Мамытов теле жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«1958-жылдын 8-декабры Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы телеберүү обого чыккан символикалуу күн. Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк турмушубузда маанилүү орун алды. Телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери өлкө турмушунда болуп жаткан окуяларын коомчулукка чагылдыруу милдетин татыктуу аркалап келе жатышат», — деди ал.

Айтымында, кесипкөйлүк, жаратмандык ишиңиздер мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошот деп бекем ишенем.

«Түйшүктүү, ары татаал ишиңиздерге чыгармачыл ийгиликтерди, заман талап кылган жаңыча көз караштарды, талбай изденүүлөрдү каалайм. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш тилейм», — деп, сөзүн жыйынтыктады Мамытов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18