24.kg
17:11, 07 декабря 2020, 24.kg

Бийликке ишенбейбиз. Москвадагы кыргызстандыктар митингге чыгышты

Москвадагы Мамлекеттик думанын алдына кыргызстандык мигранттар митингге чыгышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдирди.

Алардын айтымында, Россиянын ордо калаасына президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов иш сапары менен келээрине байланыштуу кыргызстандыктар митингге чыккан.

«Мигранттар азыркы бийликке ишенбестик билдирүүдө. Алар мамлекет башчысын шайлоо таза жана ачык өтүшүн талап кылууда», — дешти окурмандар.

Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага иш сапары менен келди. Ал Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18