24.kg
15:57, 07 декабря 2020, 24.kg

Садыр Жапаров: парламенттик башкаруу системасы бизнеске айланып кетти

Премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 7-декабрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны «Өмүрбек Текебаевдин Баш мыйзамы» деп атап, Кыргызстан ал Конституция менен 10 жылда 30 жылга артка кеткенин жазды.

Ошондой эле «бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебей турганы тастыкталганын», партиялык шайлоо системасы «кызылдай бизнеске айланып кеткенин» белгилейт.

«Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 млн. долларга чейин сатылып калган. Эл да добуштарын сата баштады. Себеби Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. Мындан ары добуш сатып алуу түп-тамыры менен жок болот», — дейт жазды ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18