24.kg
13:16, 07 декабря 2020, 24.kg

БУУ: 2021-жылы 75 жылдан бери биринчи жолу гуманитардык оор каатчылык жаралат

Дүйнөнү 2021-жылы гуманитардык оор каатчылык күтөт. Бул тууралуу БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизли билдирди.

Анын айтымында, мындай каатчылык акыркы 75 жылдан бери боло элек. Акыркы төрт ири аскердик чатактар дүйнөдө ачкачылыкка кабылгандардын санын көбөйттү. Соңку жылда алардын саны 80 миллиондон 135 миллионго жетти. Пандемия учурунда дүйнө боюнча азык-түлүккө муктаж адамдардын саны 270 миллионду түздү.

БУУ каатчылыкты жеңүү үчүн каражат жетишсиздигин, ресустар пандемия менен күрөшүүгө жумшалганын белгилейт.

«Биз 19 триллион долларды жумшагандыктан акча каражаты 2021-жылы болбошу ыктымал. Экономикалар төмөндөп, ал эми муктаждык эки эсе өсүүдө», — дейт Дэвид Бизли.

Дэвид Бизли дүйнө лидерлерине 2021-жылы туруктуулукка, миграция жана ачкачылыкка өзгөчө көңүл бөлүүнү сунуштады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18