24.kg
14:27, 04 декабря 2020, 24.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө пункту 68 пайызга даяр

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол» өтмө бекетин реконструкциялоонун жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо иши 68 пайызга бүтүп калды. 

«Кыргызстанга келип жаткан туристтердин жана ишкерлердин биздин өлкө тууралуу таасирлери чек арадан өтүүдө калыптанат. Ошондуктан аткарылып жаткан иштер эл аралык стандарттарга жооп берип, андагы имараттар жана курулмалар заман талабына жараша жасалгаланышы шарт», - деди Равшанбек Сабиров. 

Белгилей кетүүчү жагдай, бекетти реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын модернизацияло, заманбап техника жана жабдуу менен камсыздоо каралган. Бул «Ак-Жолдон» жарандардын өтүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздайт. Өткөрмө жайын модернизациялоо иши республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18