24.kg
10:20, 04 декабря 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеш депутаттары октябрь менен ноябрдын айлык акыларын толук алышты

Жогорку Кеңештин депутаттары эки айдын маянасын толугу менен алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.

Айтымында, депутаттардын көбү октябрь айынын айлык акысын «Ак үйдү» оңдоого которуп беришти. Ал эми ноябрь айынын маянасын эл өкүлдөрү толугу менен алышты.

Эске салсак, буга чейин алтынчы чакырылыштын депутаттары ыйгарым укуктары аяктагыча бекер иштеп беребиз дешкен эле.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18