24.kg
09:26, 04 декабря 2020, 24.kg

АКШнын элчиси кылмыштуу топторго карата тергөө жүргүзүүгө жардам сунуштады

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу видеобайланыш аркылуу өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүп, саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады.

АКШ элчилигинин маалыматына караганда, Дональд Лу кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдөгү «прогрессти» белгиледи. Тараптар бул жаатта бардык маселелер чечилип, жакынкы убакта келишимге кол коюлат деген үмүттөрүн билдиришти.

«Мындан тышкары элчи уюшкан кылмыштуу топтордун негизги мүчөлөрүнө карата тергөө иштерин жүргүзүүгө жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга, ошондой эле алардын эл аралык кылмыштуу түйүндөрүн жок кылууга АКШнын укук коргоо органдарынын жардамын сунуштады», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Элчи АКШ сунушталып жаткан конституциялык өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкууларга убакыт берүү жана аны Венеция комиссиясына жөнөтүү тууралуу кыргыз бийлигинин ниетин кубаттай турганын дагы бир жолу кошумчалады.

Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап «өлкөдөгү окуялар боюнча АКШ элчилигинин тең салмактуу билдирүүлөрүнүн маанилүү экенин» белгилегенин билдирди.

«Мындан тышкары министр COVID-19га каршы күрөшүүнүн алкагында өлкөдөгү ооруканаларга көрсөтүлгөн техникалык көмөгү, ошондой эле пандемия маалында жөнөткөн гуманитардык жардамдары үчүн АКШга ыраазычылык билдирди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18