24.kg
18:31, 03 декабря 2020, 24.kg

Президенттике аттанган алты киши документтерин кайтарып алды

Президенттикке талапкер болчулардын арасынан дагы алты киши өз документтерин кайтарып алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Бүгүн, 00:00гө чейин, кол топтоо баракчасы менен шайлоо күрөөсүн — 1 миллион сом тапшыруунун акыркы мөөнөтү. Саат 11.00гү маалыматка караганда, 14 киши бир миллион сомдон шайлоо күрөөсүн төктү. Ал эми кол топтоо кагаздарын беш талапкер тапшырды.

Күндүз шайлоо жарышынан эки киши четтегени айтылган. Эми алардын катарына Арсланбек Малиев, Турсунбай Бакир уулу, Адилет Маматов, Азамат Эсенбеков, Бакытбек Жумагулов жана Жамбыл Камчиев кошулду. Ошондо азыр 37 талапкер калды.

Эртеңден тарта 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баяны жазылган анкетаны толтурушат. 14-декабрга чейин БШК талапкерлерди каттоого алат. Ал эми 7-январга чейин талапкердин шайлоодон баш тартуу укугу бар.

Үгүт иштери 15-декабрдан тарта 9-январь күнкү саат 8.00гө чейин уланат. Шайлоого төрт күн калгандан тарта ЖМКлар шайлоонун жыйынтыгын божомолдоо, сурамжылоолор тууралуу материалдарды жарыялай албайт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18