24.kg
17:18, 03 декабря 2020, 24.kg

Таласта жол кырсыгынан үч адам жабыркады

Талас облусунда үч унаа кырсыктап, адамдар жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык болгон жерден тартылган видео «Короче» Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан жабыркаган адамдарды алып чыгып жатышканын көрүүгө болот.

ЖКККББдан билдиришкендей, жол кырсыгы Талас районунда 2-декабрь күнү болгон.

Анда бири-бирин көздөй келе жаткан ВАЗ-2106 менен Ford Transit микроавтобусу кагышып, микроавтобустун жанында бараткан Toyota Wish дагы жабыркаган.

Маалыматка караганда, окуянын кесепетинен 29 жаштагы айдоочу менен 24 жаштагы жүргүнчү дагы жабыркаган. Алар райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда териштирүү амалдары жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18